Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Астанада Евразия экономика кеңешинин жыйыны өтүүдө


Бүгүн Астанада Евразия экономикалык кеңешине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышып жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Сатыбалдиев казак жана орус премьер-министрлери Серик Ахметов, Дмитрий Медведев менен жолугат. Эки тараптуу кызматташтык талкууланат. Евразия экономикалык кеңеши Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жогорку органы болуп эсептелет. Ага Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстан менен Украина байкоочу макамына ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG