Ошто бүгүн тынчтык орнотуучу аялдардын жолугушуусу өтүп жатат. Алар ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу боюнча тажрыйба алмашат. Борбор Азиянын Евразия фондунан кабарлашкандай, апта соңунда ушундай эле жолугушуулар Жалал-Абад шаарында уюштурулмакчы. Форумга жарандык активист айымдар, медиаторлор, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Жалпысынан 80дей аял катышат. Долбоор АКШ өкмөтү тарабынан каржыланууда. 2010-жылы июн айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында улут аралык жаңжал чыгып, 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган болчу. Ал эми чек аралаш айылдарда кошуналар менен суу жана жер талаш проблемалары ар дайым чыгып турат. (RK)