Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

ОшМУ ири медициналык клиниканын курулушун баштады


Жаңы имараттын курулуш планы менен университет жетекчилиги таанышууда

Жаңы имараттын курулуш планы менен университет жетекчилиги таанышууда

Ош мамлекеттик университети ички каражаттарынын эсебинен медицина факультетинин базасында клиниканын курулушун баштаганын окуу жайдын маалымат катчысы Керимбек Калыкулов кабарлады. Имарат окуу-лабораториялык база катары пайдаланууга жана бейтаптарды дарылоого ылайыкташтырылып, Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы ОшМУнун “Ак буура” КАМПУСунда жайгашкан.

Жалпы пайдалуу аянты 2500 чарчы метрден ашкан клиниканын төмөнкү кабатында студенттер билим алуучу лекциялык залдар жана лабораториялар болот. Жогорку кабаттарында дарт аныктоочу жана дарылоочу заманбап медициналык жабдуулар, аппараттар менен жабдылып, бейтаптарды дарылоо ишке ашырылмакчы.

Жаңы башталган курулуш тууралуу ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков буларды айтты:

“Студенттердин мыкты билим алып, кесипкөй адис болуусу жана мыкты дарыгерлерди даярдоо үчүн университеттин ички каражаттары менен клиника курууну баштап жатабыз. Ош шаарындагы ыйык эсептелген Ак-Буура дарыясынын жээгинде, жаратылыштын жагымдуу шарты бар, таза абада жайгашкан клиникабыз оорулууларды майнаптуу дарылоого да өбөлгө болуп бермекчи. Окумуштуу-окутуучуларыбыз бул жерден өздөрүнүн илимий тыянактарын, жаңы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрүүгө, студенттер, аспиранттар, ординаторлор практикалык тажрыйба топтоого шарттар жаралмакчы. чурда ОшМУда көптөгөн медицина илими боюнча илимдин кандидаттары, илимдин докторлору, профессорлор, мыкты врачтар эмгектенишет. Мындай адистер элдин саламаттыгын жакшыртууга салым кошсун, билимин, тажрыйбасын калкыбызга арнасын деген аруу максатыбыз бар
. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG