Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Иран жана АКШ сүйлөшүү перспективасын колдошту


Иран жана АКШ президенттери Тегерандын атомдук программасына байланышкан кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу перспективасын колдошту.

БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн Хасан Роухани Иран ортодо ишеним орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого даяр деп билдирди. Президент атомдук курал жасоого каршы экенин айтып, андай курал-жаракка Ирандын коопсуздук жана коргонуу саясатында орун жок деди.

Анын алдында Башкы ассамблеянын катышуучуларына кайрылган Барак Обама АКШ Ирандын ядролук куралга ээ болуусун алдын алуу аракеттерин уланта берээрин, бирок маселенин “дипломатиялык жол менен” чечилишин жактаарын билдирген.

Америкалык расмий адамдар Обама Роухани менен Улуттар уюмунда жолугушууга даяр болгонун, бирок Иран айрым проблемалардан улам андан баш тартканын маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG