Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Pussy Riot: орус абагындагы эзүү


Надежда Толоконникова сот учурунда. 26-апрель, 2013-жыл.
Надежда Толоконникова сот учурунда. 26-апрель, 2013-жыл.

23-сентябрь таңында Мордовиянын Парца кыштагындагы 14-түзөтүүчү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Pussy Riot тобунун мүчөсү Надежда Толоконникова ачкачылык жарыялады.

Толоконникованы бул кадамга абактагы оор шарт, адам укугунун одоно бузулушу түрткөн. Ошол эле маалда абак жетекчиси өлтүрөм деп коркутуп жатканын билдирип, тергөө комитетине кайрылуу жолдогон. “Лента.ру” сайтына жарыяланган ачык катында Толоконникова эмне үчүн абак жетекчилигине ачык кат жолдогонун минтип түшүндүрөт:

Дүйшөмбүдө, 23-сентябрда мен ачкачылык жарыялайм. Бул арга кеткендеги иш, бирок кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу экенин ишенимдүү айта алам. Абак администрациясы мени угуудан караманча баш тартууда. Бирок мен өз талаптарыман баш тартпайм, абактагы ит чыдагыс абалга көз жумгум келбейт. Мен абактагы адамдын укугунун корголушун, Мордовия лагеринде мыйзамдын сакталышын, абактагыларга эрксиз кулдай эмес, адамча мамиле жасоону талап кылам!

Мордовиядагы Парца кыштагында жайгашкан 14-түзөтүү колониясына келгениме 1 жыл болду. Зэчкалар айткандай, “Мордовияда ким отурбаса, ал дегеле отурган эмес”. Бул жер тууралуу мага Москвада, 6-тергөө абагында отурганда эле кулак кагыш кылышкан. Эң катаал режим, эң узак жумуш күн, барып турган мыйзамсыздык. Мордовияга жөнөтүлгөндөрдү өлүмгө буюрулгандай узатышат. Акыркы мүнөттөргө чейин “балким, Мордовияга барбай каласың, балким, ойлонуп калышат” деген жубатуу угасың. Бирок мага ырайым болбоду, 2012-жылы Парца дарыясынын жээгиндеги лагерге жеткиришти.

Мордовияга келгенде эле 14-түзөтүү абагынын жетекчи орун басары, подполковник Куприяновдун “Эсиңде болсун: көз карашым боюнча мен сталинистмин” деген сөзүн уктум. Башка жетекчи (алар тандем болуп башкарышат) полковник Кулагин ошол эле күнү өзүнө чакырып, “күнөөңдү моюнга ал” деп мажбурлады. “Сиздин жашооңузду кайгы басты, туурабы? Сизге эки жыл беришти. Адамдын башына мүшкүл түшкөндө көз карашы да өзгөрөт. Сизге эми күнөөнү моюнга алып, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу гана керек. Антпесеңиз бул жерде кала бересиз”.

Мен ошол замат жетекчиге Эмгек кодексине ылайык 8 гана саат иштей турганымды айттым. “Кодекс деген кодекс, эң башкысы – ишти бүткөрүү керек. Жетишпесеңиз канча саат болсо да отуруп иштөөгө туура келет. Дагы айтып коёюн, бул жерде далай “мен” дегендер сынган”, - деп жооп берди Кулагин.

Менин бригадам тигүү цехинде күнүнө 15-16 саат иштейт. 7.30дан 0.30га чейин. Ашып кетсе 4 гана саат уктайсың. Жарым айда бир эс аласың. Дем алыш күндөрү иштегени үчүн соттолгондор милдеттүү түрдө “өз каалоом менен” деген арыз жазууга тийиш. Чындап келгенде эч кимдин иштегенге көңүлү жок. Бирок абак жетекчилигине камчы болгон зэчкалардын кыстоосу менен милдеттүү түрдө арыз жазасың.

Ага баш ийбегенге (жекшемби күнү жумушка чыкпай жана түн ортосуна чейин иштебей койгонго) аргасызсың. Бир жолу жашы элүүгө таяган аял кечки саат сегизге чейин гана иштөөнү суранды. Ошол күнү кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип турган. Буга жооп ирети абактагыларды чукулунан жыйнап чогулуш өткөрүштү да, аялдын бетине түкүрүп, “элден ашык уктагың келет экен да, сени эшектей иштетиш керек”, - деп кордошту.


Доктурдун кагазы бул жерде роль ойнобойт. “Дене табым 40 жеткенде да иштегем, өлүп кетпейсиң. Сенин ордуңа ким иштеши керек?!” деген гана сөз угасың.

Лагерге барганымда зонада 10 жыл отурган аял “Сага таштанды жүктөгөндөн коркушат, бирок муну зэчкалардын колу менен жасашат” деп эскерүү берген. Абактын режими чынында эле ушундай, жүрөктүн үшүн алып, кулга айлантуу милдети өзүңдөй эле соттолгон бригададагы устатка, отряддын чоңуна жүктөлөт.

Тартипти сактоо же буйрукту кың дедиртпей аткартууга формалдуу эмес жазалар бар: “локалкада түн бир оокумга чейин чейин отуруу” (мында кыш же күз экенине карабай баракка кирүүгө тыюу салынат; майыптар менен пенсионерлердин отрядында, локалкада отурган кезде үшүккө алдырып, бир бутун жана колунун манжаларын кестирген бир аял бар), “гигиенаны жабуу” (даарат алууга жана ажатканага киргенге болбойт), “каптерка менен чайкананы жабуу” (өз тамагыңды ичип, чаңкоону басканга уруксат берилбейт). Баарынан да кыркка таяп калган аялдын “Бүгүн бизди жазалашты! Кызык эртең дагы жазалашабы?” дегенин укканда ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбейсиң. Ал цехтен чыгып заара ушатып, өз сумкасынан момпосуй алып жей албайт. Анткени тыюу салынган.

Бир уурттам чайды түшүндө гана көргөн, арып-ачкан, кирдеп, туталанган адам акыры администрациянын эркине баш ийип, бекер кулга айланат. Мен, мисалы, июнда 29 рубль айлык алдым. Ошол эле маалда биздин бригада күнүнө 150 полиция костюмун тигип жаткан. Алардан түшкөн акча кайда кетти?
Лагердеги жабдыктарды жаңыртууга бир нече жолу акча бөлүнгөн. Бирок жетекчилик тигүүчү машиналарды чала-була сырдоо менен чектелди. Биз азыр атамзамандагы, ишпалдасы чыккан техника менен кийим тигебиз. Эмгек кодексине ылайык, заманбап өндүрүшкө ылайык келбеген жабдык болсо, иштин өлчөмү да ошого жараша болушу зарыл. Бирок бизде иш чачтан көп, тездик менен өсүү гана үстүндө. “100 кийим тиге аларыңды айтсаң, дароо 120га чыгып кетет” деп даттанышат мурдагы мотористкалар. Аны убагында бере албайсыңбы - бүт бригада жазага тартылат. Мисалы, бир нече саат тикеден тик турасың. Ажатканага барууга да, суу уурттоого да акың жок.

Эки жума мурда абактагы бардык отряддар үчүн тигүүчү кийимдердин өлчөмүнө дагы элүү кийим кошулду. Мурда 100дү тикчүбүз. Эмгек кодексинде иштин өлчөмү көбөйтүлөрү тууралуу жумушчулар 2 ай мурда билүүгө тийиш. Татынакай бир күнү эле жаңы жумуш нормасы менен ойгондук, анткени “потогонка” (түрмө жетекчилери) ушундай болушун каалады.

Ошол эле маалда бригадада киши азаюуда (бошонуп кетишет же башка абакка которулушат), алардын ишин калгандар бүтүрөт. Механиктер болсо жабдык бузулса, кайра ремонттоого тетиктер табылбасын айтышат. Аны айттың дегиче “Тетик жокпу? Качан келет? Сен эмне Орусияда эмес, асманда жашайсыңбы, эмне үчүн мындай суроо бересиң?”, -деген кекетүү угасың.

Абактагы алгачкы айларда мен механиктин ишин толугу менен өздөштүрдүм. Айла кеткенде баарын өз алдымча жасоого туура келди. Ачкычты алып билсем да, билбесем да чукулап калчумун. Кол болсо ийнеге тешилип канжалаган, болбой эле тигүүгө аракет кыласың. Анткени сен конвейердик өндүрүштүн бир бөлүгүсүң, тажрыйбалуу тигүүчүлөр менен теңтайлашып иштешиң керек. Каргыш тийген машине болсо улам сына берет, сына берет. Жаңы келген болсоң сенин шыбагаңа эски, тасмасы тез үзүлө берген машине тийет. Мына мотор дагы иштен чыкты, сен эми механикти издеп жөнөйсүң (аны да тапсаң жакшы). Шаштың кетип алдастап атсаң планды үзгүлтүккө учураттың деп нукуп, тилдеп кетишет. Тигүүгө үйрөткөн окуу курстары абакта болбойт. Ийри колуна ийне кармап көрбөгөндөргө да иш беришет.

Абак жетекчисине жакын зэчкалар мага “эгер сен Толоконникова болбосоң эчак эле ******* ”,- деп көп айтышты. Чындыгында эле ошондой, менден башкаларды жетишпегени үчүн токмоктошот. Бөйрөккө, бетке урушат. Ага ошол эле темир тор артында отургандар кол көтөрөт, баары администрация амири менен ишке ашат. Мен келерден бир жыл мурда 3-отряддагы цыган аялды эс-учун жоготкуча тепкилешиптир (3-отрядда дайыма таяк жеп турууга өкүм кылынгандар чогулган). Көп өтпөй ал абактын санитардык бөлүгүндө өлүптүр. Администрация киши колдуу болгонун жашырып, инсульттан көз жумду дешкен экен. Башка бир отряддагы жаңы келген аялды жетишпей жатканы үчүн дырдай жылаңачтап мазакташкан.

Pussy Riot тобун колдогон акция. Нью-Йорк, 2012-жыл
Pussy Riot тобун колдогон акция. Нью-Йорк, 2012-жыл

Администрацияга арызданууга эч ким даабайт, антип баргандарды жылмайып узатышат. Көп өтпөй ал “бакан ооз” отрядда сабалат. Көзөмөлдөгү дедовщина жетекчилик үчүн ыңгайлуу, ушундай мыйзамсыздык менен соттолгондорду баш ийдирүү жеңил.

Абакта баарынын нерви чыңалган абалда. Уйкусу канбаган, шайы оогон зэчкалар тийип койсоң эле жарылып, кыйкырып, болбогон нерсе үчүн мушташа кеткенге даяр. Жакында эле шымды убагында бербегени үчүн жапжаш кыздын башын жарышты. Башкасы кордукка чыдабай, кайчы менен өзүн бышып алмак болгондо араң токтоттук.

Бул жердегилер мага 2010-жылы болгон улуу өрттө иш эч нерсе болбогондой уланып, норма тапшыргандарын айтып беришти. Дубалга жакындаган жалындын түтүнү көздү ачыштырганда да токтошкон эмес. Беттеринин суу чүпүрөк менен байлап, жылбай отурушкан. Чукул кырдаал жаралгандыктан ашканага да барышпаптыр. Ошол учурда бир даары өзөгү карайганга карабай, бул тирукмуш көрүнүш тууралуу күндөлүккө түшүргөн экен. Өрт өчкөндөн кийин түрмө жетекчилиги ал күндөлүктөрдү тартып алып жок кылган.

Абактагы санитардык абал зэк өзүн айбан сыяктуу сезгендей түзүлгөн. Ар бир отрядда гигиена үчүн бөлмө бар экенине карабай, беш кишилик “жалпы гигиена” бөлмөсүнө барасың. Абактагы 800 киши баары ошол жерде даарат ушатууга тийиш. Ал ишти баракта кылууга болбойт. Жалпы гигиенада дайыма тыгылыш, аялдар өздөрүнүн “багуучусун” (Мордовияда ушинтип айтышат) чала-була жууп чыкканга ашыгат. Жумасына бир жолу киринебиз. Бирок мончого барчу күн маал-маалы менен жылдырылып турат. Себеби – насос бузулуп же канализацияга бирдеме тыгылып калган болот. Андай учурда эки-үч жумалап суу көрбөйбүз.
Канализация бузулганда гигиена бөлмөсүнөн зааранын жыты саңырсып, заң тоо болуп үйүлөт. Биз түтүктү өз алдынча тазалаганга да көнгөнбүз, бирок болбой эле толуп калат. Түтүк тазалоочу аркан абакта жок. Кирди жумасына бир жууйбуз. Бул үчүн атайын бөлмөдө үч гана кран орнотулган, муздак суу эптеп агат.

Тарбиялоо муну менен бүтпөйт, бизге каткан нан менен кымыраң (сүт кошулган суу) беришет, көгөрүп кеткен маш менен картошка жейбиз. Ушул жайда өнүп кеткен картошка алып келишти. Биз эмне менен гана тамактанган жокпуз...

14-абактагы турмуштук жана өндүрүштүк тартип бузууларды айта берсең сөз түгөнбөйт. Менин негизги дооматым башкада. Абактын администрациясы өзүндөгү былыктын баары тышка чыгышын каалабайт. Мен жетекчиликке адамдардын оозун эң ыплас ыкмалар менен жабууга кылган аракети үчүн нааразымын. Мына ушунун кесепетинен балакеттин баары чыгып, адам укугу бузулуп жатат. Канча арызданба ушул эле жерде калат. Жалгыз арга – туугандар же адвокат жардамы менен кайрылуу. Администрация ушунчалык кекчил, соттолуучуга арызынан эч нерсе өзгөрбөсүн, өзүнө эле жаман болорун сездирүүгө болгон дараметин жумшайт. Жазанын жалпы түрү да бар, сен даттансаң башкалар кошо жапа чегет.

2013-жылы менин адвокатым Дмитрий Динзе 14-абактагы башаламандык тууралуу прокуратурага арызданган. Ошол замат лагер жетекчисинин орун басары Куприянов абакта адам чыдагыс абал жаратты. Текшерүү үстүнөн текшерүү, мага жакындагандардын баарына рапорт жазылат, жылуу кийим менен өтүктү тартып алууга аракет жана коркутуп-үркүтүүлөр болууда. Өндүрүштө болсо тиккен кийимиңди жараксызга чыгарып өч алышат. Куприяновдун оң колу, биздин отрядды көзөмөлдөгөн старшина мен тиккен буюмдарды кайчылап салууга ачык эле үгүт жүргүзөт, анда мени “мамлекеттик мүлккө” кол салды деп айып коругуна которууга жеңил болмок. Отряддагыларды мени менен чачташууга чакырып, буйрук берген да ушул аял.

Эгер азабын өзүң гана тартсаң, баарына чыдасаң болот. Бирок жамааттык жазалоо деген такыр башка. Сени менен кошо бир отряд, абактагылар запкы көрөт. Баарынан жаманы - сага кымбат адамдардын оолактап кеткени. Бир курбум мага кошулуп чай ичкени үчүн мөөнөтүнөн мурда бошонуу бактысынан ажырады. Бул үчүн ал жети жыл бою өзүн үлгүлүү алып жүрүп, бардык нормаларды так аткарган. Куприянов муну менен эле тынчыбай, аны башка отрядга которуп салды. Дагы бир өтө билимдүү тааныш аялды чогуу отуруп, “Түзөтүү жайларындагы ички тартипти” окуп, талкуулаганыбыз үчүн күндө таяк жей турган пресс-отрядга которушту. Кыскасы, мага ким жолосо рапорт жазылат. Жакын адамдардын кыйналганын көрүү мага оор. Абалымды байкаган Куприянов “сенин бир да досуң жок окшойт” деп мыскылдап, баары адвокаттын айынан болгонун айтып берди.

Мен ачкачылыкты кысым күчөгөн кезде, май айында эле жарыяласам болмок. Бирок менин айыман башкаларды жазалап жатышканын көрүп, өзүмдү өзүм токтотком.

30-августта мен подполковник Куприяновдон биздин бригадага 8 саат уктоого уруксат беришин өтүнгөм. Муну менен 16 сааттык жумуш күнүн 12 саатка азайткым келген. “Мейли, дүйшөмбүдөн тарта бригада 8 саат иштейт” деген ал. Бул албетте кезектеги тил эмизүү, анткени 8 саат ичинде жогорку нормадагы ишти бүтүрүү мүмкүн эмес. Бригада жетишпей, жазаланат. “Эгер алар бул сенин айыңан болгонун билсе, эч убакта сага жамандык жасашпайт, анткени бул жарыкта жамандык дегендин өзү жок” деп какшыктап, “сен баардыгы үчүн суранба. Өзүң үчүн гана суран. Мен ар кандай лагерде узак жылдан бери иштеп келем. Башкалар үчүн сурангандар, ушул бөлмөдөн түз эле айып коругуна жөнөтүлчү. Сен гана андай болгон жоксуң” деп кошумчалады.

Кийинки апталарда отрядда адам чыдагыс кырдаал түзүлдү. Жетекчиге жакын айыпталуучулар отрядды ыгы жок жазалоого өтүштү. “Силер чай жана тамак ичпей, ажатканага барбай, бир жума тамеки чекпей жазаланасыңар. Силерди мурда кандай урса, оозуңарды жырса силер да Толоконниковага ошондой мамиле кылгыла. Бул үчүн эч нерсе болбойсуңар”.

Бул сөздөн кийин мени менен урушуп, чачташууга аракет кылгандар болду. Бирок мен теңелбедим. Администрация буйругун кың дебей аткаргандар менен араздашуунун пайдасы канча?

Мордовиялык соттолуучулар жадагалса өз көлөкөсүнөн коркушат. Дайыма элеңдеген абалда. Кечээ эле сенден “16 сааттык жумушту кыскартууга бир айла тапчы” дегендер бүгүн көзүңдү тик карабай, боюн ала качышат.

Мен администрацияга чыр-чатакты басып, алардын кол жоолугу болгон зэчкалардын жасалма басымынан куткаруу боюнча кайрылуу жасадым. Ошол эле маалда абактагыларды кулдай эзип иштетүүнү токтотуп, мыйзамга ылайык иш убактысын жана иштин чен-өлчөмүн сурангам. Ошол себептүү 23-сентябрда ачкачылык жарыялап, лагер жетекчилиги мыйзамды сыйлап, абактагыларга айбанча эмес, адамча мамиле кылганча жумушка катышуудан баш тартам.

Надежда Толоконникова

(Кыргызчалаган Санжи Туйтунова)

XS
SM
MD
LG