Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

АКШ курал соодасы боюнча эл аралык келишимге кол койду


Документке Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясында АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри кол койду.

Бул дүйнөлүк документке Кошмо Штаттардын кошулушу жылдык көлөмү бир нече миллиард долларга жеткен курал соодасын тескөө ишиндеги олуттуу жылыш катары каралууда. Анткени, АКШ дүйнөдө кадимки курал-жарактын эң ири экспорттоочусу.

Мамлекеттик катчы Жон Керри келишимге кол койгондон кийин:

-Бул куралды террорчулардын жана жалганчы оюнчулардын колуна тийгизбөө менен байланыштуу. Сөз кадимки куралдардын өтө оор кылмыштарды ишке ашыруу максатында колдонулуп кетишине жол бербөө жөнүндө жүрүп жатат. Сөз америкалыктарды кубаттуу, Американы коопсуздукта кармоо, эл аралык тынчтык, глобалдык коопсуздук жана өтө маанилүү гуманитардык максаттарды алдыга жылдыруу жөнүндө жүрүп жатат.

Курал боюнча Вашингтондогу ассоциациянын аткаруучу директору Дэрил Кимболлдун айтымында, аталган келишимге АКШнын расмий колдоо көргөзүүсү дүйнөнүн курал соодасынын табиятын өзгөртүшү мүмкүн.

Келишим Америкада күчкө кириш үчүн али АКШ Конгресси тарабынан ратификациялануусу керек. Документти быйыл жыл башында, БУУнун Башкы ассамблеясында 89 өлкө жактырган. Ал кеминде 50 өлкөнүн парламенти ратификациялаган соң гана иштей баштайт. Азырынча мындай кадамды беш гана мамлекет жасады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG