Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 06:46

Роухани өзөктүк программа боюнча келишимге келе аларына ишенет


Ирандын президенти Хасан Роухани “Вашингтон пост” гезитине курган маегинде өзөктүк программа тууралуу дүйнөлүк державалар менен тил табыша аларына ишенич билдирген. Ал ошондой эле бул маселе үч айдан алты айга чейинки убакта чечилүүгө тийиштигин айтты.

Роуханинин маеги Ирандын өзөктүк программасы боюнча бейшембиде Нью-Йоркто болуучу сүйлөшүүлөрдүн алдында жарыяланды. Сүйлөшүүгө Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен АКШнын мамкатчысы Жон Керри катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG