Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Сириянын химиялык куралын жоготуу талабы күчөдү


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги АКШ, Франция, Британия, Орусия жана Кытайдын өкүлдөрү шаршембиде уюмдун Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту. Дүйнөлүк державалар Сирия химиялык куралды жок кылуу боюнча өзүнө тагылган милдетти аткарбаса, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын кабыл алуу зарылчылыгын эскертишти. Орусиянын өкүлүнүн айтуусунда, эч кандай келишим кабыл алынган жок.

Орусия АКШ баштаган союздаштардын эгер Сирия химиялык куралын жок кылбаса, ага каршы аскердик операция жүргүзүү тууралуу демилгесин колдогон эмес. Орусия Сирияны куралдуу кийлигишүү жолу менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу химиялык куралынан баш тарттырууну сунуштап келет. Сентябрдын башында АКШ менен Орусия Сирияны химиялык куралын 2014-жылдын ортосуна чейин жок кылууга үндөгөн келишимге кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG