Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Саакашвили Орусиянын тышкы саясатын сынга алды


БУУнун Башкы ассамблеясында Грузия президенти Саакашвили сүйлөп жаткан учурда Орусиянын өкүлдөрү залдан чыгып кетишти. Саакашвили сөзүндө Орусиянын саясатын сынга алып, Абхазия менен Түштүк Осетияны басып алды деп айыптады жана коңшу мамлекеттерине күчтүү бийлик келүүсүн каалабайт деп билдирди.

Орусиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин кийинчерээк “Саакашвили психикалык саламаттыгын текшертүүсү керек” деп билдирди.

Грузия менен Орусиянын мамилеси 2008-жылы августтагы согуштан улам сууп кеткен. Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны Грузиядан көз карандысыз деп таанып, эки аймакка тең аскерлерин жайгаштырган. Грузия болсо буларды өзүнө таандык деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG