Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Жалал-Абадда Чокморовдун эстелиги үчүн марафон өтүүдө


Жалал-Абадда бүгүн СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, киноактер Сүймөнкул Чокморовго эстелик орнотуу үчүн каражат чогултуу максатында марафон өтүп жатат. Чокморов атындагы фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” айтымында, чогулган каражатка эстелик орнотуп, үй-музей ачуу пландалууда. Бүгүнкү иш-чарага Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарындагыдан көп эл келди. Марафондо Сүймөнкул Чокморов эстеликке муктаж эмес экени, бирок анын атын өчүрбөй, эмгегин келечек муундарга даңазалоо керек экендиги белгиленди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү менен Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери, шаар депутаттары бир күндүк эмгек акысын марафондун эсебине котормой болду. Чокморов тууралу мыкты дил баян жазган жана сүрөт тарткан жалалабаддык окуучуларга фонддун сыйлыктары тапшырылды. Буга дейре Токтогул району менен Кара-Көл шаарынан 1 миллион 200 миң сом түшкөн. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG