Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

Үч депутатты актаган судьялар маселеси каралууда


Кыргызстандын Соттор кеңеши парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынын үч депутатына актоо өкүмүн чыгарган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы боюнча маселени карай баштады. Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Бирок кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медер Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. Ал эми Жогорку Сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Үч депутат соттолгону үчүн мандатынан айрылды. Cоттор кеңеши эки судьяга кандай чара көрүлүшү керектигин аныктайт. (AKu/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG