Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

АКШ жана Иран бүгүн Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүшөт


Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Кошмо Штаттардын жана Ирандын ядролук программа көйгөйү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Улуу Британиянын, Орусиянын, Кытайдын, Германиянын дипломаттары менен жолугат.

Бир аз баштараак Ирандын президенти Хасан Роухани “Вашингтон пост” гезитине курган маегинде өзөктүк программа тууралуу дүйнөлүк державалар менен тил табыша аларына ишенич билдирген. Ал ошондой эле бул маселе үч айдан алты айга чейинки убакта чечилүүгө тийиштигин айтты.

Ирандын президенти өлкөнүн жогорку башкаруучусу аятолла Али Хаменеи өзөктүк проблема боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууга ага укук берген (AiK).

XS
SM
MD
LG