Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Уңгар-Тоо аймагын кыргыз-өзбек чек арачылары биргелешип кайтарууда


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү маселе боюнча кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолукканын, анын негизинде аталган тилкени биргелешип кайтаруу чечими кабыл алынганын маалымдады. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жектчилеринин жолугушуусу 30-сентябрга белгиленди.

Аксынын кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район акимчилигинин алдына чогулган 150дөй киши тарап кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Аксы акиминин биринчи орун басары Жайлообек Кубатбеков билдирди. Митингге чыккандар бийликке кайрылуу жасашты.

Кайрылууда президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасынан Уңгар-Тоо маселесин тез арада чечүү талабы коюлган. Кайрылуу ээлери 1-октябрга чейин талабы аткарылбаса, бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы менен чыгышмакчы.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов телемунара жайгашкан жер талаштуу аймакта турганын, бирок эзелтеден Кыргызстанга таандык болуп келгенин "Азаттыкка” билдирип, бул боюнча өкмөттүк деңгээлде да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдаган.

Мурда кабарлангандай, өзбек чек арачылары 20-сентябрда Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Кыргызстандык чек арачылар барып сүйлөшкөн соң ары жылып кетишкен. 21-сентябрдан тарта ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарууда.

Уңгар-Тоодо "Кыргызелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Бул жерди Кыргызстан өзүнө тийиштүү деп эсептейт. Ал эми расмий Ташкент ал аймактагы кыргызстандык антенналар мыйзамсыз турат деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG