Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Жон Керри менен Жавад Зариф жолукту


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен көзмө-көз жолугушуудан соң, талаштуу өзөктүк программасы тууралуу Ирандын жаңы оюна канааттанганын билдирди. Керри бейшембиде Иран өзөктүк программасы тууралуу тынчсызданууларды эми иш-аракети менен азайтууга тийиштигин белгилеген. Керри менен Зарифтин жолугушуусу өтө кыска убакытта болуп өттү:

- Албетте, саламдашуу иретинде болгон бир эле жолугушуу бардык суроолорго жооп бере албайт. Алдыда өтө чоң аткарылуучу жумуштар бар. Ал ишке түздөн-түз катышуу менен биз баарыбыз өзөктүк программа тууралуу так натыйжага жетишебиз деген абдан чоң үмүттөрүбүз бар.

Бул тууралуу Жон Керри БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу төрт мүчөсү: Кытай, Британия, Орусия жана Франциянын, ошондой эле аларга кошо Германиянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда ирандык кесиптеши Жавад Зариф менен жолугушуудан кийин билдирди.

Көп тараптуу жолугушуу Башкы ассамблеядан тышкары болду. Ирандын талаштуу өзөктүк программасын талкуулоо үчүн эми булар 15-октябрда Женевадан жолугушмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG