Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Жарандыгы жоктордун маселеси талкууланат


Бишкек шаарындагы 11 жаңы конушта жарандыгы жок жашап жаткандарды тактоого арналган тегерек үстөл бир нече бейөкмөт уюмдардын уюштуруусу менен өткөрүлүүдө.

Иш-чарага парламенттеги Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөлөрү, президенттик, өкмөттүк аппараттан өкүлдөр, депутаттар, мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери, эл аралык жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Өткөн айда балдар укугун коргоо борбору “Арыш” коомдук уюму, “Адилет” укуктук клиникасы, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын балдар укугун жана кызыкчылыгын коргоо коому биргелешип, Бишкектеги он бир жаңы конушта жарандыгы жок жашап жаткандарды иликтөөгө алган. Алардын ичинде өмүрүндө бир да жолу өзү тууралуу документке ээ болбогон, эч жерде катталбаган жарандар бар экени аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG