Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Освенцим түрмөсүнүн мурунку кызматкерине айып тагылды


Освенцим концлагеринин мурунку кызматкери Ханс Липшиске Экинчи дүйнөлүк согуш убагында он миңден ашуун кишини өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылды. Бул тууралуу германиялык прокурорлор бейшембиде билдиришти.
Литванын тургуну Ханс Липшис азыр 93 жашта, АКШдан Германияга 1982-жылы экстрадицияланып келген. Ага АКШга кирерде өзү тууралуу толук маалыматты жашырып койгон деген айып тагылган.

Освенцим түрмөсү боюнча Липшисти быйыл май айында Штутгарт аймагынан камакка алышкан.

Айыптоолор боюнча Липшис Освенцимде 1941-жылдан 1943-жылга чейин надзирател болуп иштеген, ал өзү ашпоз болгонун айтат. Согуштан кийин ал Германияда 1956-жылга чейин жашап, кийин АКШга ооп кеткен.

1941-1945-жылдары Освенцим түрмөсүндө 1,3 млн. киши, анын ичинде миллиондон ашуун еврейлер жок кылынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG