Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Британия кыргыз аскерлерин англис тилине үйрөтөт


Британия өкмөтү кыргыз аскерлеринин англис тилин үйрөнүүсүнө шарт түзүп бермей болду. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Британиянын коргоо министрликтеринин ортосунда меморандумга кол коюлду. Британ тарап кыргыз жоокерлерин Чехиядагы аскердик машыгуу борборуна алып барып окутат. Жолуна, тамагына кеткен чыгымдардын баарын өзү төлөйт. Коргоо министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, англис тилин мыкты үйрөнөм деген каалоочулар тандалып алынат. Окууну бүткөндөн кийин алар эл аралык тынчтык орнотуу операцияларына катыша алат. Бүгүнкү күндө он чакты кыргызстандык жоокер БУУнун долбоорлору аркылуу бир нече өлкөдө тынчтык орнотуу операцияларына катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG