Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Түлеевдин тарапкерлери нааразы болууда


Ушу тапта Бишкек шаардык сотунун алдында Нариман Түлеевдин тарапкерлеринин нааразылык акциясы өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, 50-60 киши чогулуп турат. Алар сот залына кире албай калганына нааразы болууда. Бүгүн шаардык сот Нариман Түлеев боюнча кылмыш ишти карап жатат. Сот залы анча чоң эмес болгондуктан ичине соттолуучунун жакын туугандары менен журналисттер гана кирди.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеевди Ленин райондук соту быйыл июл айында 11 жылга кескен. Ал мэр болуп турганда Кытайдан автобус сатып алууда акча уурдаган деп айыпталууда. Соттолуучу бул айып негизсиз экенин айтып келет. Райондук соттун өкүмүнө байланыштуу анын адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG