Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Чыгыш Европа авиациядан 6 млрд. евро киреше табат


Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын маалыматы боюнча, акыркы жылдары авиация тармагы Чыгыш Европа өлкөлөрүндө улуттук дүң өндүрүшкө оң таасирин тийгизген. Аймакта жалпысынан авиация тармагында 347 миң жаңы жумуш орун түзүлгөн жана андан түшкөн пайда 6 миллиард (€5,8 млрд.) еврого барабар.

Авиациядан эң көп киреше тапкан өлкөлөргө Румыния, Венгрия, Болгария жана Польша кирет.

Авиация тармагы Румынияда 75 миң жаңы жумуш орун түзүп, 1 млрд. евро киреше алып келген. Венгрияда 48 миң жаңы жумуш орун түзүлүп, 1,1 млрд. евро киреше алып келген. Болгарияда 140 миң жаңы жумуш орун түзүлүп, 1,7 млрд. евро киреше алып келген жана Польшада 84 миң жаңы жумуш орун түзүлүп, 2 млрд. евро киреше алып келген.

Андан тышкары, Boeing корпорациясы кабарлагандай, аба каттамдарга талап кескин өскөндүгүнө байланыштуу келерки эки жылда Азияда жүз миңдеген учкучтарга талап болот. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG