Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:18

БУУ: глобалдык жылуулукка адамзат себепкер


Бириккен улуттар уюмунун климат боюнча окумуштуулары Жер жүзүндө аба ырайынын жылышына адамзат өзү гана күнөөлүү деп табышты. Өкмөттөр аралык климаттын өзгөрүшү боюнча комиссиянын басма сөз катчысы Жонатан Линн айткандай, Стокгольмдо жарык көргөн докладда глобалдык жылуулукка 95% адам баласы себепкер деген далилдер бар. Беш жыл мурда бул көрсөткүч 90% болчу.

Планетадагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 2014-жылдын сентябрында климат боюнча саммит өткөрүү керектигин баса белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG