Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Пакистанда мамкызматчыларды ташыган автобус жарылды


Пакистандын түндүк-батышындагы Чарсадда районунда мамлекеттик кызматкерлерди ташып бараткан автобуста бомба жарылды. Жардыруудан бери дегенде 17 адам мерт кетип, 43 жүргүнчү жарадар болду. Алардын ону абдан оор абалда Лэди Редиң ооруканасына жеткирилди.

Учурда бул кылмышка эч ким жоопкерчилик ала элек. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бомба аралыктан башкарылуучу пульт аркылуу жардырылган.

XS
SM
MD
LG