Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Президенттике талапкер тажик милициясын айыптады


Тажикстанда президенттикке оппозициячыл күчтөр көрсөткөн талапкер Ойнихол Бобоназарова милицияны анын шайлоо өнөктүгүнө кийлигишип жатат деп айыптады.

Талапкер анын шайлоо тобундагы тогуз аял жана бир эркекти милиция 27-сентябрда Дүйшөмбү шаарынын Фирдавси аймагында кармап кеткенин айтты. Бобоназарованын тарапкерлерине айып тагылган жок. Алар кайра бошотулган соң талапкер мындай кийлигишүүлөр болсо, ал анын шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болоорун эскертти.

Учурдагы президент Эмомали Рахмон 1992-жылдан бери Тажикстанды башкарып келатат. Шайлоо 6-ноябрда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG