Шаар күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт. Эмен багында көңүл ачуучу аянтчалар уюштурулуп, борбордук Ала-Тоо аянтында концерттик программа уюштурулат. Кечинде “Спартак” стадионунда чет жердик жана жергиликтүү ырчылардын катышуусунда концерт өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Мындан сырткары райондук деңгээлде жана башка мекемелердин деңгээлинде шаардын ар кайсы жеринде кечке чейин көңүл ачуучу майрамдык иш-чаралар өтөт.
Статистикага караганда, борбор калаа Бишкектин калкы 1 миллиондон ашат. Шаардын аянты 160 чакырым чарчы. (AKu)