Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Барак Обама Хасан Роухани менен телефондон сүйлөштү


Бул, Барак Обама сүйлөшүүдөн кийин билдиргендей, АКШ-Иран президенттеринин акыркы 34 жылдагы биринчи баарлашуусу болду:

"Биз алдыбызда турган бардык проблемаларды билебиз. Бул 1979-жылдан берки АКШ жана Иран президенттеринин алгачкы байланышы болгону биздин өлкөлөр арасындагы терең түшүнбөстүктү, ошондой эле катаал тарыхта алга жылчу багытты көрсөтөт", – деп билдирди Обама.

Обама Ирандын ядролук программасы боюнча АКШ жана Иран бир мунасага жетишүүсү мүмкүн экенин, ал жана Роухани келишимге жетишүү үчүн өз командаларына ыкчам аракеттенгиле деп тапшырма беришкенин да айтты.

"Вашингтон сүйлөшүүнү өз өнөктөштөрү, анын ичинде Ирандын ядролук куралдуу болуусу жөөт мамлекетинин жашоосу үчүн коркунучтуу деген Израил менен масилэттешип жүргүзөт деп кошумчалады ал.

Батыштын пикиринде, Иран ядролук бомбалуу болууну каалайт. Иран ядролук программасы тынчтык гана максатын көздөгөнүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG