Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияны жазалаганга даяр


БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын химиялык куралы боюнча резолюциянын долбоорун бир добуштан кабыл алды. Резолюцияда Сирия химиялык куралын жок кылбаса, жазалоо сунуш кылынат. Ал эми жазалоо үчүн Коопсуздук кеңеши башка резолюция кабыл алууга тийиш.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдиришинче: “Бул резолюция Женевадагы Орусия-Америка сүйлөшүүлөрүндө анын талаптары ким тарабынан да бузулса, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде кылдат каралсын деген макулдашууну тастыктайт. Кеңеш БУУнун жобосунун 7-бапына ылайык чара көргөнгө даяр”.

21-августта Дамаскинин четинде нервди шал кылчу зарин газын колдонулуп, жүздөгөн адамдар апаат болгонго чейин АКШ жана Орусия Сириядагы химиялык курал колдонууга каршы чара көрүү боюнча бир пикирге келе албай жаткан.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун болсо береги маселе боюнча дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү ноябрдын ортосунда эл аралык конференция өткөргөнү жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG