Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

ФИФА Украинага санкция колдонду


Украин футболисттери 11-октябрда 2014-жылкы Дүйнөнүн кубогу үчүн польшалыктар менен болчу оюнду күйөрмандарсыз ойношот. Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын мындай чечимге баруусуна 6-сентябрда Сан-Маринонун тандалмасы менен Львовдо болгон беттеш маалында украин фанаттарынын тыйуу салынган пиротехникаларды колдонуп, неонацисттик урандарды кыйкырышканы себеп болду.

Бул окуядан улам ФИФАнын дициплинардык комитети 2018-жылкы Польша жана Украина өтчү дүйнөлүк футбол чемпионатынын оюндары Львовдун стадиондорунда өткөрүлбөсүн деп да чечти. Андан тышкары Украинанын футбол федерациясына 45 миң швецария франкы же 37 миң евро өлчөмүндө айып салынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG