Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Пакистанда кайрадан жер силкинди


Бүгүн Пакистандын түштүк батышындагы Белужистан провинциясындагы Аваран районунда кубаты 6,8 баллга жетип, жер тербетти. Чыгымдар жөнүндө маалымат бериле элек. Бул аймакта 26-сентябрда 7,7 баллга жеткен жер силкингенде 500дөн ашуун адам каза болгон.

Пакистан бийликтери алыскы аймакка гуманитардык жардам жеткирүүнүн камында. Аваран жана анын атрабындагы тоолуу Кеч, Куздар, Каран, Гвадар, Панжгур жана Чагхи райондору расмий Исламабадга баш ийгиси келбеген белуж жикчилердин жабыт жайы саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG