Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Бабановдун күлүгү баш байге алды


Бүгүн Бишкектин 135 жылдыгына арналып уюштурулган ат оюндарында мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун күлүгү кыска аралыктагы чабышта баш байгеге ээ болуп, 100 миң сом сыйлык утуп алды.

Ал эми 12 чакырымдагы кунан чабышта 31 кунандын арасынан Эдил Дүрбөлөң уулу деген саяпкердин күлүгү биринчи болуп келди. Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун күлүгү төртүнчү болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” оюнга күбө болгон кабарчысы билдирди.

13 чакырым 200 метрлик топ байгеде Азамат Сулеймановдун Вика деген күлүгү баш байгеге ээ болду.

Жорго салдырыштан 11 чакырымды биринчи болуп өткөн күлүктүн саяпкери Сыймык Аламанов жеңил машина утуп алды. Аламан байгеде 20 чакырымга 20 күлүк чабылып, биринчини Керим Өмүралиев таптаган Тачанка алып, машина ыйгарылды.

“Аккула” ат майданында бүгүн кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей жана башка оюндар болду. Бишкек спорт комитети жана шаардык мэрия уюштурган оюнду көргөнү депутаттар жана саясатчылар, чет өлкөлүктөр барышты. (KMa/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG