Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бишкекте кан тапшыруу боюнча жумалык аяктады


Кыргызстанда сентябрь айынын акыркы жекшембиси кан донорлорунун күнү катары кабыл алынган. Буга байланыштуу бир жума бою Бишкектеги Кан борборунда кан тапшыруу акциясы өттү. Республикалык Кан борборунун директору Бакыт Карабаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, акыркы учурда Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезилип жатат. Учурда борбордо сакталган донордук кандын запасы күн сайын төмөндөөдө.

Карабаевдин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иштеп чыккан эрежеге ылайык, ар бир миң кишиге 40 донор туура кесе, Кыргызстанда ар бир миң кишиге 6 гана донор туура келет. Мындан улам Кан борбору менен Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды ыктыярдуу түрдө кан тапшырууга чакырып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG