Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Турсунбек Акун ачкачылыкты улантууда


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ачкачылык акциясын улантууда. 14 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Акун ден соолугу начарлап жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ал парламент Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна тиешеси бар делген башка жетекчилерди кызматтан алмайын ачкачылыгын токтопосун айтууда.

Жогорку Кеңеш криминалдык чөйрөнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген жүйөө менен июнь айында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул чечимди мыйзамсыз атаган Акун Жогорку Кеңешти сотко берип, бирок Бишкек шаардык соту анын арызын канааттандырган эмес. Кыргыз парламенти жаңы акыйкатчыны кийинки аптада тандаганы жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG