Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Пешаварда бомба чабуулунан 31 адам өлдү


Пакистандын Пешавар шаарында бомба чабуулунан кеминде 31 киши өлүп, ондогон адамдар жараат алды. Өлгөндөрдүн арасында алты бала жана эки аял бар. Ырасмий маалыматта, жардыруу шаардык полициякананын жанындагы Киса Квани базарында болгону айтылат. Күбөлөрдүн бири: "Бул саат 11 ченде болду. Жардыруу болгон кезде басып бараткам. Айлана караңгы түшүп, эч нерсе көрүнбөй калды. Адамдар ызы-чууга түштү. Ар жерде өлгөн адамдардын денеси жатты. Тез жардам машинеси келген жок. Жарадар болгондорду адамдар мотоциклдерине жана велосипеддерине жүктөп баратты," - дейт.

Бул Пешавардагы акыркы жумалардагы үчүнчү чоң жардыруу. Өткөн жекшембиде шаардык чиркөөдө удаа-удаа бомба жарылып, 82 адам апаат кетип, пакистандык тарсалардын катуу нааразылыгын жараткан. Жума күнү өкмөттүк кызматкерлерди тарткан автобуска коюлган бомбадан 18 киши өлгөн. Өкмөт Пакистан талибдери менен тынчтык сүйлөшүүсүн баштаганы жатканда Пешаварда бомба чабуулдары күчөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG