Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Тунисте “ан-Нахда” бийликтен кетет


Тунисти башкаруучу исламчыл “ан-Нахда” партиясы бийликтен кеткенге көндү. Бул жөнүндө Тунистин профсоюздар конфедерациясы өкмөт менен оппозициянын ишемби күнкү сүйлөшүүсүнөн соң билдирди. Эми тараптар үч апта арасында өткөөл өкмөттү түзүүнүн шартын, парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн сүйлөшүп бүтүшү абзел. Ошондон кийин “ан-Нахда” бийликтен кетет. Бул сүйлөшүү 25-июлда дүниябий саясатчы Мухаммед Брахими өлтүрүлгөндөн кийин Тунисте башталган тирешүүлөрдү токтотууну максат кылууда. Саясий тирешүү 2011-жылкы араб жазынан кийин түндүк африкалык мамлекетте башталган демократияга өтүү жараянына бөгөт болот деген кооптонуу күчтүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG