Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:29

Абдылдаев БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү


Ишемби күнү БУУнун Башкы Ассемблеясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сүйлөдү. Ал Кыргызстандын 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына токтолуп, өлкө жетекчилигинин болочокку максаты “адам укугу, эркиндиги жана коопсуздугу камсыздалган бекем мамлекетти түптөө” экенин, көп этностуу коомду башкаруу адам укуктарын ыйык тутуу менен жүргүзүлөрүн, ырааттуу экономикалык өсүү жана адамдардын татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Абылдаев климаттын глобалдык ысышы Кыргызстандын табиятына, демек Борбор Азиянын таза суу кенчине чоң коркунуч жаратканын да баса белгиледи: “Климаттын глобалдык ысышынын натыйжасында Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 30 процентке кыскарды. Адистердин эсептөөлөрү боюнча, тез чара көрүлбөсө, 2100-жылы Кыргызстандын аймагында мөңгүлөр жана кар калбайт.”

Кыргызстандын тышкы иштер министри өз сөзүндө өлкөдөгү 8 млн. куб метр уран таштандысы сейсмикалык жана жер көчкөн зоналарда, ошондой эле дарыялардын боюндагы сактоочу жайларда тургандыктан регион үчүн кооптуу экенине көңүл бурду. Эрлан Абдылдаев Кыргызстан Сириянын химиялык куралдарын эл аралык көзөмөлгө берип, кийин аны жок кылуу боюнча БУУнун демилгесин колдоорун да билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG