Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Сирия: Асад БУУ резолюциясын аткарарын айтты


Сириянын президенти Башар Асад химиялык куралды жок кылуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын аткарууга даяр экенин билдирди. Жума күнү кабыл алынган резолюциядан соң италиялык телеканалга берген маегинде Асад АКШ менен Ирандын мамилесинин жакшырышы Сирия үчүн пайдалуу болот деген ишенимин ачыкка чыгарды. Сирия президенти ноябрда Женевада өтө турган тынчтык конференциясында бир да Европа өлкөсү чечүүчү ролду ойнобой турганын да шардана кылды.

Резолюцияга ылайык, 1-октябрда химиялык куралды жок кылуу боюнча БУУнун 20 инспектору Дамаскка келет. Алар октябрдын аягына чейин бул өлкөдөгү химиялык курал боюнча отчет даярдашы керек.

XS
SM
MD
LG