Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Пакистан: жардыруудан отуздан ашык адам мерт кетти


Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар аймагындагы жекшембидеги жардыруудан кеминде 37 адам каза болуп, 100дөн ашыгы жараат алды. Жардыруу полиция бөлүмүнө жакын жердеги базарда орун алган.

Жергиликтүү полиция кызматкери Алтаф Хусейндин айтымында, каза болгондор арасында алты жаш бала жана эки аял да болгон. Пешаварда ушуну менен акыркы аптадагы үчүнчү жардыруу болду. Өткөн жума башында шаардагы христиан чиркөөсүндөгү жардыруудан 82 адам ажал тапкан. Андан соң жергиликтүү чиновниктер түшкөн автобус жарылып, 15 адам апаат болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG