Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Ирандын өзөктүк программасы талкууланат


Бүгүн АКШ президенти Барак Обама менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жолугат. Жолугушууда Ирандын өзөктүк программасынын айланасында сөз болоору күтүлүүдө.

Анда Израил премьер-министри Обаманы Иран менен мамилени жандантуу идеясынан баш тартууга көндүрүүгө аракеттенет деген божомолдор айтылууда. Обама болсо Нетаньяхуга Иран президенти Хасан Роуханинин аракети үчүн убакыт берип көрүүнү сунушташы мүмкүн. Буга чейин Нетаньяху АКШ-Иран мамилелерин жакшыртуу аракеттерин Ирандын өзөктүк куралды өндүрүүдө убакыттан утуу айласы катары сыпаттаган.

Жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф Израилдин дооматтарын четке кагып, өзөктүк программа тынчтык максатты гана көздөөрүн билдирди. Зариф АКШдагы телеканалдардын бирине берген маегинде АКШ менен сүйлөшүү алкагында Иран өзөктүк объекттерин эл аралык инспекторлорго көрсөтүүгө даяр экенин, бирок бул үчүн Вашингтон экономикалык санкцияларды алышы керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG