Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Укук коргоочулар Акун боюнча кайрылуу жасашты


Укук коргоочулар тобу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча бийликке кайрылуу жолдоду. Алар анда Акунду ачкачылыгын токтотууга чакырган. Ошону менен бирге Батукаев маселеси боюнча Жогорку Кеңеш токтомунун аткарылышын талап кылышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Президентке, спикерге жана өкмөт башчыга жөнөтүлгөн кайрылууга Бүбүсара Рыскулова, Динара Ошурахунова, Арзыкан Момунтаева жана Азиза Абдрасулова кол койгон.

Алар Турсунбек Акун адам укугун коргоо жаатында салмактуу изи бар экендигин билдирип, Батукаевдин бошонуп кетишине бир гана мурдагы акыйкатчыны күнөөлүү катары сыпаттоо туура эместигин белгилешет.

Турсунбек Акун өзүн мыйзамсыз жумуштан бошогонун айтып, Акыйкатчы институтундагы иш бөлмөсүндө 16-сентябрдан бери ачкачылык жарыялап отурат.
Акун буга чейин анын абалын сураганы бийликтен эч ким келбегендигине нааразы экендигин билдирген. Бүгүн ден соолугу начарлаганын аны көзөмөлдөп жаткан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан кабарлашты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG