Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Балдарга арналган телеканал иштей баштайт


1-октябрдан тарта балдарга арналган “Баластан” телеканалы обого чыга баштайт. Ал Коомдук телерадиоканалдын базасында өзүнчө телеканал болуп түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Азырынча “Долон ТВ”, “Ала ТВ”, “Зор” жана “Акнет ТВ” кабелдик каналдары аркылуу Чүй облусу менен Бишкек шаарына чыгат. “Кыргызтелекомдун” социалдык жана санариптик баштыкчасы аркылуу тесттик түрдө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна да көрсөтүлөт. Кыргызстан толугу менен санариптик берүүлөргө өткөн соң, 2015-жылдан тарта бүт өлкөгө жеткиликтүү болот. Балдарга арналган көрсөтүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде даярдалат.

“Баластан” каналынын расмий ачылышы 1-октябрь күнү КТРКда болот. Андан соң Панфилов багында балдарга арналган шоу-программа тартууланат.

“Баластан” - Кыргызстандагы алгачкы балдар телеканалы болуп эсептелет. Буга чейин Коомдук телерадиокорпорациянын базасында “БалдарFM” радиосу обого чыгып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG