Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35

Элүү миңден ашуун чет өлкөлүк кыргыз жарандыгын алган


1995-жылдан бери 50 миң 378 чет өлкөлүк жаранга Кыргызстандын атуулдугу берилген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Президентке караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, атуулдук алгандардын 39 миң 527си этникалык кыргыздар. Алар кыргыз жарандыгы берилгендердин 78 пайызын түзөт. Көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген.

Кыргыз атуулдугун алгандардын саны соңку эки жылда жогорулап, 13 миң 414 кишини түзгөн. Анын 11 миңден ашууну этникалык кыргыздар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG