Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Багдадда жарылган бомба 51 адамдын башын жутту


Ирактын борбору Багдадда машинелерге катылган бир нече бомба жарылып, 51 адам набыт болуп, жүздөй адам жаракат алды. Бомбалар шииттер жайгашкан аймакта жарылганын расмийлер маалымдады. Эң көп жоготууга алып келген чабуул шаардын Садыр-Сити аймагында болгон.

2006-2007-жылдары козголоңчул күчтөр суннит-шиит чырын ырбатып, жыйынтыгында миңден ашык адам каза тапкан. Кечээ 29-сентябрда эле түштүк Багдаддагы шиит мечитинде жанкечти жардырган бомбадан мечиттин чатыры көчүп түшүп, 27 адамды тирүүлөй басып калган.

XS
SM
MD
LG