Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Түрк өкмөт башчысы реформа планын жарыялады


Адам укуктары чөйрөсүндө узактан бери күтүлгөн реформа боюнча сунуштардын топтомун Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Анкарадагы басма сөз жыйында жарыялады жана буга “тарыхый учур”, “өтө маанилүү кадам” деген баасын берди. Эрдогандын айтымында, сунуш кылынган реформаларга ылайык, мамлекеттик эмес мектептерде түрк тилинен башка тилдерде да окутууга уруксат берилет:

- Өткөн жылы биз мамлекеттик мектептерде түрк тилинен башка тилдерде да окутууга жол ачкан өзгөртүүнү даярдаганбыз. Эми мамлекеттик эмес мектептерде да түрк тилинен башка тилдерде окутууга мүмкүндүк болот.

Түркия ошондой эле саясий партиялардын парламентке кириши үчүн коюлган чекти азайтышы мүмкүн. Учурдагы эреже боюнча парламентке жалпы шайлоочулардын кеминде 10% добушун алган гана партия өтө алат.

Эрдоган ошондой эле мамлекеттик мекемелерде аялдардын хижабчан жүрүшүнө салынган тыюу алынарын да кошумчалады. Бирок бул жаңы эреже армияга жана сот системасына жайылтылбайт.

Түрк өкмөт башчысы белгилегендей, өкмөт ошондой эле сириялык христиандарга караштуу монастырлардын мурда мамлекет карамагына өтүп кеткен мүлкүн кайтарып берет.

Байкоочулардын баамында, сунуш кылынган реформа премьер-министр Эрдогандын саясий келечеги үчүн да маанилүү. Анткени алдыдагы эки жылда Түркияда жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG