Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Бишкекте айдоочулар митинг өткөрүп жатат


Транспорт министрлигинин жанында ушул тапта жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митинг өткөрүүдө. Алар өкмөт кабыл алган токтом боюнча унааларга 44 тоннадан ашык жүк жүктөлбөсүн деген буйруктун аткарылышын талап кылышууда. Эгер талаптары аткарылбаса министр баш болгон айрым жетекчилер жумуштан кетиши керектигин айтып жатышат. Митингге 50дөй айдоочу катышууда.

Быйыл 26-июлда өкмөт кабыл алган 419-токтомго ылайык, унааларга 44 тоннадан ашык жүк жүктөлбөсүн деген чектөө коюлган. Митингге чыккандардын айтымында, ага карабай тымызын жолдор менен 50 тоннага жакын жүк жүктөп жатышат. Алар буга транспорт министрлиги кайдыгер карап жатат деген кине коюшууда. (SE\MiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG