Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Митингге чыккан айдоочулар тарап кетти


Транспорт министрлигинин жанына митингге чыккан айдоочулар тарап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Нааразылыкка чыккандарды министрдин орунбасары Келдибек Ибраев кабыл алды.

Бүгүн жүк ташуучу унаалардын 50гө жакын айдоочулары митингге чыккан. Алар өкмөт кабыл алган токтом боюнча унааларга 44 тоннадан ашык жүк жүктөлбөсүн деген буйруктун аткарылышын талап кылышты. Эгер талаптары аткарылбаса министр баш болгон айрым жетекчилер жумуштан кетиши керектигин айтышкан болчу.

Быйыл 26-июлда өкмөт кабыл алган 419-токтомго ылайык, унааларга 44 тоннадан ашык жүк жүктөлбөсүн деген чектөө коюлган. Митингге чыккандардын айтымында, ага карабай тымызын жолдор менен 50 тоннага жакын жүк жүктөп жатышат. Алар буга Транспорт министрлиги кайдыгер карап жатат деген кине коюшууда. Министрликтин маалыматы боюнча аталган токтом эреже боюнча бүгүнтөн тарта күчүнө кирет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG