Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Үңкүр-Тоодогу аскерлер эртең кечке чейин кетет


Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта Үңкүр-Тоо аймагында орнотулган бекеттеги өзбек чек арачылары чыгарыла баштайт. Эртең кечке чейин аймактан Кыргызстандын да, Өзбекстандын да аскерлери кетет.

Мындай жыйынтыкка Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары кечээги жолугушуусунда жетишти. Талаштуу аймакты тактоо боюнча сүйлөшүүлөр улана бермекчи.

Эгер аталган аймактагы маселе тезинен чечилбесе жергиликтүү эл 2-октябрда митингге чыгаары кабарланган болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосундагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш 20-сентябрдан бери курч бойдон турат. Өзбек чек арачылары станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Андан соң жанына кыргыз аскерлери жайгаштырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG