Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Судьялар АКШда тажрыйба алмашууда


Кыргызстандан АКШга жөнөп кеткен судьялар АКШдагы кесиптештеринин иш-тажрыйбасын үйрөнүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Иш-сапар АКШ конгрессинин алдындагы китепкана тарабынан “Ачык дүйнө” программасы аркылуу уюштурулган.

28-сентябрдан 5-октябрга чейинки сапар учурунда кыргызстандык судьялар Вашингтон, Норфолк жана Миннеаполис шаарларында болот. Адвокаттар, профессорлор жана судьялар менен жолугушуулар өткөрүлөт.

“Ачык дүйнө” программасы аркылуу жыл сайын Кыргызстандан түрдүү тармакта иштеген ондогон жарандар АКШга барып, тажрыйба алмашып келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG