Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Акун бүгүн ачкачылыкты токтотот


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн түнкү саат он экиде ачкачылык акциясын токтотот. Бул тууралуу өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 16 күн бою абалын сурап бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келген жок. Муну ал адам укугун тепсөө катары баалады.

Акундун ден соолугу Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Кечээ саламаттыгы начарлап калганына байланыштуу ийне аркылуу дары берилген.

Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген негизде Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында акыйкатчылыктан бошотулган Турсунбек Акун бул чечимди мыйзамсыз деп сотко кайрылган. Анын арызын алгач Бишкектин райондор аралык соту, андан соң шаардык соту карап канааттандырган эмес.

Турсунбек Акун ачкачылык акциясын 16-сентябрда баштаган. Анын Жогорку Кеңештин акыйкатчылыкка сынак жарыялоо боюнча чечимин жокко чыгаруу боюнча арызы 18-октябрда кайрадан Бишкек райондор аралык сотунда каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG