Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:09

Андаракта жаштар борбору ачылды


Баткендин Лейлек районундагы Андарак айылында жаштар борбору ачылды. Заманбап техникалык каражаттар орнотулган бул борбордон жаштар компьютерди жана англис тилин акысыз үйрөнө алат. Керектүү адабияттар менен толукталган китепканадан да пайдаланса болот.

Бүгүн ишке кирген борбор Кыргыз өкмөтү, ЮНИСЕФ жана Британия өкмөтүнүн биргелешкен долбоору болуп эсептелет. Борбордун ачылуу аземине Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

Алдыда Баткендин көп улуттар жашаган дагы алты айылында ушундай борборлордун ачылышы күтүлүп жатат.

Андарак айылында кыргыз, тажик жана өзбек улутундагы 7000ден ашуун киши жашайт. Айылдагы 3 мектептин экөө тажик, бирөө кыргыз тилинде окутат. (VD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG