Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Турсунбек Акун ачкачылыкты уланта турган болду


Ал бүгүн Өмүрбек Текебаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн соң ушундай чечимге келген. Анын айтымында, Текебаев Акунга анын коюп жаткан талаптарына карабай, акыйкатчыны шайлоо ушул жумада өткөрүлөрүн билдирген. Текебаевдин өзүнөн бул маалыматты тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.

Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыкка сынак жарыялоо боюнча чечимин жокко чыгаруу боюнча талап коюп, 16-сентябрда ачкачылыкты баштаган. Ден соолугу Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Кечээ саламаттыгы начарлап калганына байланыштуу ийне аркылуу дары берилген.

Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген негизде Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында акыйкатчылыктан бошотулган Турсунбек Акун бул чечимди мыйзамсыз деп сотко кайрылган. Анын арызын алгач Бишкектин райондор аралык соту, андан соң шаардык соту карап канааттандырган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG