Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Түштөн кетпеген Ладак


Эмис Гомпадагы туристтер жана буркан башкылар. (Сүрөттөр автордуку)
Эмис Гомпадагы туристтер жана буркан башкылар. (Сүрөттөр автордуку)
Август айынын аягында сегиз айдан бери даярдык көргөн саякатка жөнөдүм. Индиянын түндүк чек арасын бойлой Ладак, Кашмир жана Пенжабдагы Амритсарга барууну пландадым.

Бул жерлерге баруу жөнүндө идея менин сүйүктүү жазуучум Салман Рушдинин романдарынын таасиринен пайда болду. Рушдинин “Маскарапоз Шалимар” аттуу китебинде Кашмирдин кооздугу, маданиятын өзгөчөлүгү жана кандуу согушту башынан өткөргөндүгү укмуш сүрөттөлгөн эмеспи... Тибеттик Буркан (Буддизм) маданияттуу Ладак (Ladakh), мусулмандар көпчүлүгүн түзгөн Кашмир жана сикхтердин мекени Амритсар – үч түрдүү эл, үч түрдүү маданият, үч түрдүү чөйрө жана климатты көрүп, сезип келүүнү максат кылдым.

Камшир жана Жамму штатына караштуу Ладак - бийик тоолуу, каардуу климаттын жана жайдары мүнөз элдин мекени. Ладак тилинде “Жулэ” деген сөз бул – “Бар болуңуз”, “алкыш” деген да маанини билдирет. Борбору Ле (Leh) шаары деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан, бул болжол менен биздин Төө-Ашуудай.

Ле шаарынын так ортосунда жайгашкан Намгял Цемо Гомпанын чокусунан тартылган сыйынуу байрактары
Ле шаарынын так ортосунда жайгашкан Намгял Цемо Гомпанын чокусунан тартылган сыйынуу байрактары
Бийик жерге барганыңды таң эрте Ле Кушок Бакула Римпочи аба майданына учак конгондон баштап сездим. Баш тегеренип, ал кетип, колдун бармактары чымырайт. Көптөгөн интернет булактар Ладактын бийиктигине көнүү үчүн үч-төрт күн керек дегенине моюн бербей “мен деле тоолукмун” дегем. Бирок аным кур дымак болуп чыкты. Ладакта жолуккан башка саякатчылар менен сүйлөшсөм, көпчүлүгү кеминде бир айга келип, анын ичинде бир жумасы жөн гана климат менен бийиктикке көнгөнгө кетерин айтышты.

Ле шаары толугу менен туристтердин эсебинен жашайт. Жолмо-жол мейманканалар, гест-хаустар жана туристтик агенттиктер. Турагент Сонамдын айтымында, ладактыктар жылына беш ай гана иштегенге мүмкүнчүлүк бар. Себеби кыш айларында Ладак менен туташтырылган Манали жана Каргил аркылуу өткөн эки жол жабылат. Ошондуктан ладактыктар жаздын келиши менен туристтерди тосуп алганга даярданып, жайы менен тынбай иштешет. Ле шаарында мен жолуккан официант, тейлөөчү, мейманкана ээси англисче эркин сүйлөйт экен. Турагенттиктердин эшигинде англисче, орусча, иврит, корей тилиндеги жарнамалар илинип турганы таң калтырды. Ал эми адамдар аябай жөнөкөй, жылмайып сүйлөп, бейтааныштар да “Жулэ!” деп амандашканы аябай жакты.

Тибеттеги Лхасанын Потала сарайын элестеттирген Тиксэ Гомпа
Тибеттеги Лхасанын Потала сарайын элестеттирген Тиксэ Гомпа
Барганыма экинчи күн болгондо, күн ачылганга чейин Ле шаарынын айланасындагы гомпалар (монастыр) – Эмис Гомпаны (Hemis Monastery), Тиксэ Гомпаны (Thiksey Monastery) жана Шей Гомпаны (Shey Monastery) көргөнү бардым. Капчыгайдын төрүндө жайгашкан XI кылымга тиешелүү Эмис Гомпага жапжашыл буудай айдоолорду бойлоп көтөрүлүп бардык. Башка гомпаларга салыштырмалуу Эмис жакшы каралганы байкалды: ар бурчунда тепкичтер, дубалдар оңдолуп, кайра курулуп жатыптыр.

Гомпанын ичинде жолуккан буркан бакшылар мага жылмайып, кайдан келгенимди сурады. Анан “Кыргызстан?” деп кайталап сурап, "ладактыкка окшош экенсиң" дешти. Ал эми баарынан да кооз Тиксэ Гомпа Тибеттеги Лхасанын Потала сарайына окшоштугу менен атактуу. Үч гомпа тең бийик дөңсөөдө жайгашкандыктан кичине көтөрүлгөндө эле баш тегеренип алсырай баштайсың. Бийиктиктин таасириненби же ар гомпада угулуп турган “Ом мани падме хум” мантрасынын таасириненби, кандайдыр бир мас абалда жүргөндөй сезилип, бийик гомпадан ачылган көрүнүш түшкө киргендей эле болду.

Күн дагы деле бүркөк, бирок уруксат кагаз даяр болору менен Ле шаарынын түндүгүндөгү Пакистан менен чектеш жерде жайгашкан Нубра өрөөнүн көздөй жөнөдүм. Ладак түндүгүнөн Пакистан, чыгышынан Кытай менен чектешип, чек аранын айынан чыр чыгып турган жер. Негизи Кашмир жана Жамму штаты стратегиялык аймак болгондуктан Ладак дагы абдан аскерлешкендиги дароо эле байкалат. Жолмо-жол аскер базалар жана атайын текшерүү пункттарда туристтердин паспорттору текшерилип турат. Нубрага бараткан жолдо да айдоочубуз Тамчос атайын уруксат кагаздын көчүрмөлөрүн жана паспортторду аскерлердин текшерүүсүнөн үч жолу өткөрдү.

Дискит Гомпадан көрүнгөн Буркандын эстелиги жана Нубра өрөөнү
Дискит Гомпадан көрүнгөн Буркандын эстелиги жана Нубра өрөөнү
Нубрага бараткандагы Кардуң-Ла ашуусу индиялыктардын айтымында, дүйнөдөгү эң бийик авто каттоочу жол. Дүйнөдөгү эң бийик экендиги талаш суроо дечи, ошентсе да бул ашуунун бийиктиги 5602 метр экен. Кар аралаш жамгыр жаап, булут каптап турган ашуунун чокусунда баш айланганына карабастан машинеден ыргып түшүп, Кардуң-Ла ашуусу деген белгинин астында сүрөткө түшүп аттык. Ашуудан ылдыйлаганда күн кичине ачыла түшүп, саякатчылар суктанып сүрөттөгөн Ладактын көпкөк асманы эми көрүндү. Кууш өрөөндүн башына келгенде, айдоочубуз Тамчос машинени токтотуп, “Сүрөткө түшкүлө, ушул жерден Нубра өрөөнү башталат” деди. Сегиз айдан бери элестетип, көргөнгө ашыккан Нубра өрөөнү!

Нубра өрөөнүндө сөзсүз көрө турган нерсе - Дискит айылындагы гомпа жана Хундурдагы айры өркөч төөлөр. Бардык эле буркан гомпалардай, Дискит Гомпанын кичинекей аппак курулуштары дөңсөөнү бойлой тизилип турду. Дискит гомпанын өзгөчөлүгү гомпанын бет маңдайында укмуш чоң Буркандын отурган эстелиги бар. Дискит Гомпадан тиктеп турганда көрүнгөн сүрдүү бийик бозала тоолордун арасында мемиреген Нубра өрөөнү, жүрөктүн соккону гана угулган айланадагы тынчтык. Негедир бул гомпалардын курулуштары айланадагы тоолорго жарашып тургандай, табигат менен ишенимдин толук гармониясындай сезилет. Буркандын эстелигинин жанына чыгып, оң жакта өрөөндү, сол жакта Дискит Гомпаны тиктеп турганда, бет маңдайдагы айылдагы мечиттен азан жаңырганы эсимден кетпейт.

Нубра өрөөнүндөгү айры өркөч төөлөр
Нубра өрөөнүндөгү айры өркөч төөлөр
​Кезекте Хундур айылындагы төө сафари. Нубранын атактуу айры өркөч төөлөрү 1950-жылдарга чейин чөлдү аралап, Кашкарга чейин каттачу экен. Жайык өрөөндүн так ортосунда жайбаракат жүргөн төөлөрдү көргөндө жаш баладай сүйүндүм. Төөлөр ушунчалык сулуу жаныбар экенин билбептирмин! Көздөрү тептегерек, кирпиктери узун, тиктегени тим эле мени жакшы көрүп аткандай. Жамгыр себелеп турганына карабастан төөнү минип алып, кум чөлдү араладык. Сүрдүү тоолор курчап турган өрөөндө төөлөрдүн кумду шилей басканы гана угулуп, айлана ушунчалык тынч, катуу сүйлөбөй, шыбырагың келет. Убакыттын тардыгына байланыштуу Нубра менен кош айтышып, Леге кайтууга туура келди. Нубра да мени менен коштошуп, жети түсү даана көрүнгөн күнжеле менен узатты.

Ладактан Кашмирге кетерде акыркы бара турган жер – Паңгоң көлү. Деңиз деңгээлинен 4350 метр бийиктикте жайгашкан бул көлдүн үчтөн бири Индиянын карамагында, ал эми калганы Кытайга караштуу Тибетте жайгашкан. Паңгоң көлү Three Idiots аттуу хинди фильминде тартылгандан кийин да атагы ого бетер жайылды окшойт.

Бул көлдүн кооздугуна таң калбаган саякатчы жок болушу керек. Көлдүн суусунун түсү күндүн тийгенине жараша кубулуп, айлана тыптынч, көлдү тиктеп турганда чала уйкудагыдай баш тегеренет. Мүмкүнчүлүк болсо, көлдүн өзүнө эле эки-үч күнгө келсең гана. Убакыттын тардыгына өкүнгөн бойдон кайра Леге кайтууга туура келди. Алдыда Кашмир.

4350 метр бийиктеги Паңгоң көлү.
4350 метр бийиктеги Паңгоң көлү.
Саякаттаганда дайыма көңүл бурган нерсе квитанция жана билеттер, себеби булар жергиликтүү туризмдин деңгээлинин көрсөткүчү. Мисалы, Эмис Гомпага киргенде 100 рупий берип алган кирүү билети мени таң калтырды: түстүү жана сапаттуу кагазда билеттин баасы, дата жана Эмис Гомпа жөнүндө англисче кыскача маалымат берилген. Турагенттер бардык тейлөөгө квитанция жазып берет, туристтер каттаган сарай, музей, гомпада аныкталган баадагы кирүү билеттери сатылат. Ошондой эле, Ле шаарынан каттаган бардык таксилердин баасы Ладактын администрациясы тарабынан бекитилген. Такси эле эмес, туристтер үчүн атайын уруксат, жада калса Нубрадагы төөнү минген убактысына жараша төлөгөн акысына чейин аныкталган экен. Ладакта саякаттаган адам алданбай жүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөндүгү жакты. 3500 метр бийиктиктеги, каардуу климатта жашаган тургундардын туристтерди тейлөөгө кылган далалатын сыйлабай койбойсуң.

Ладактыктардын жашоосу туризмге көз каранды, бирок ошол эле учурда жайы менен тынбай каттаган туристтердин агымы Ладактын айлана-чөйрөсүнө абдан зыян келтирип атканы өкүнүчтүү. Lonely Planet саякат китеби туристтерди Ладактын назик чөйрөсүнө аяр мамиле кылууга чакырат. Мисалы, пластик бөтөлкөдөгү сууну сатып албастан, Ле шаарында "Дзомса" аттуу эко-дүкөндөн фильтрленген суудан идишке толтуруп алуу. Ладакта жүргөндө ар бир ыргыткан таштандымды эсептеп, ушунчалык пластикти көп колдонгонума капа болдум. Ладактын өзүндө калтырган пластик кайра иштетилбей, кооз чөйрөдө канча миң жылдап жатарын ойлогон сайын кайгыга батам.

Мени ладактыкка окшоштурган жайдары буркан бакшылар. Эмис Гомпа.
Мени ладактыкка окшоштурган жайдары буркан бакшылар. Эмис Гомпа.
Ладактыктардын жылмайганы, көпкөк асман жана бийик тоолор эсимден кетпейт. Эмис Гомпада дискин сатып алган “Ом мани падме хумду” уккан сайын түшүмө Ладак кирет. Ладакта жолуктурган саякатчылар бул экинчи же үчүнчү келиши экенин айткан. Жүрөгүмдө өзгөчө орун ээлеп калган Ладакка мен да качандыр бир кезде айланып барармын.


Жазгүл Сманова, Сеулдагы Йонсэ университетинин студенти
XS
SM
MD
LG