Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Тажикстан: орус базасы тууралуу келишим жактырылды


Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасы бүгүн орус аскерлерине өлкөдө 2042-жылга чейин калуусун караган келишимди ратификациялады.

Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев депутаттарга бул келишим Тажикстанда жана жалпы эле Борбор Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Келишим эми Жогорку палатага кетет.

Келишимге былтыр октябрда кол коюлган эле. Анда 1993-жылы жетишилген келишимдин мөөнөтү узартылган. Орусиянын 201-моторлуу дивизиясынын 7000дей аскери Тажикстанда Дүйшөмбү, Куляб, Коргон-Дөбө шаарларынын жанындагы турактарда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG